Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Жер мунапысына карата арыздардын 2025-жылдын 1-июлунан тарта токтотулушу боюнча

Кызыл китеп

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 28.05.2025-жылдагы №284 токтомуна ылайык арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан токтотуларын жарыялайбыз.
Андыктан жогорудагы мыйзам актыларынын талаптарына туура келген “өзүм билемдик менен курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар”, “айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз “шахмат түрүндөгү бош жерлери бар” жарандарды райондук жер мунапысы комиссиясына арыз менен 2025-жылдын 1-июлуна чейин кайрылуусун жарыялайбыз.

Scroll to Top