Араван районунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз жараны жөнүндө” №39 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын 13-ноябрь күнү “Улуттун улуулугу, достуктун бийиктиги, ынтымактын ыйыктыгы” аталышындагы достук фестивалы болуп өттү.
Аталаган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаев,
– Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев,
-Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Б.К.Караев,
-Кыргыз Республикасынын Оштогу “Россотрудничество” бирикмесинин жетекчиси Д.Н.Аврам;
-Ош облусунун ардагерлер кенешинин төрагасынын орун басары А.М.Махамадов;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Аялдар жана Үй-бүлө боюнча коомдук кенешинин төрайымы А.М.Мырзакаримова жана башка улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.




