Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Араван районунун аймагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жаңы ишканалардын ачылышы өткөрүлдү.

14-октябрь, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Ү.Жапаровдун жетекчилигинде Кыргыз Республикабыздын аймактарында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жаңы ишканаларды онлайн форматта ачуу салтанаты өткөрүлдү. Араван районунда 3 мекеме ишке берилди. Алар:

1. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Достук айыл аймагынын Мангыт айылындагы 60 орундуу мектепке чейинки билим берүү уюму ишке түштү.

2. АРИСтин САSA-1000 долбоорунун каржылоосунда курулган С.Юсупова айыл аймагындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды.

3. АРИСтин САSA-1000 долбоорунун каржылоосунда Дөбө-Коргон айыл аймагындагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты заманбап шарттары менен иштей баштады.

 

Scroll to Top