Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Райондун борборундагы Араван-Сайдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды ирээтке келтирүү иш-аракеттери улантылууда.

Араван районунун акими С.Д.Кулубаев КРнын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” №109 Жарлыгынын негизинде, райондун борборундагы Араван-Сайдын жээгиндеги аныкталган мыйзамсыз курулуштарды жоюу менен, сел коопсуздугун алдын алуу боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышынан кабар алды.

Белгилей кетсек, Араван – Сайдын жээгиндеги жеке ишкерлерге мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча райондук комиссия тарабынан түшүндүрүү иш-аракеттери жүргүзүлүп, натыйжада ишкерлер өз ыктыяры менен макул болуп, бузуу иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы күндө буздурулуп, бош калган жерлерге район тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында, “Жашыл Аймак” куруу, жөө жүрүүчү тротуарлар, түнкү жарыткычтар жана эс алуучу орундуктарды куруу аракеттери башталды.

Scroll to Top