Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Араван районунун тарыхы

Араван району ВКП(б) Кыргыз обкому жана Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар Советинин атайын токтомунун негизинде 1935-жылы жаз айларында өз алдынча район болуп уюштурулган.
1963-жылы Ноокат районуна бириккен. Кайра 1965-жылы март айында өз алдынча район болду.
Уламыштарга караганда, өз учурунда атактуу кол башчы Искендер Зулкайнар (Александр Македонский) Аравандын Чарбагында болуп, анын түптөлүшүнө негиз салган экен. Ал эми атактуу Манасчыларыбыз бул чарбакта Манас бабабыздын түнөп кеткендигин жана Улуу Жибек Жолунан өткөн жол башчылардын, кербендердин, эс алуу жайы болгондугун баяндап кетишкен. Араван району алтын колдуу пахтачылары, бейиштин мөмөлөрүнө тең бак-дарактарды өстүргөн багбандары, өнөрпөз, эмгекчил, боорукер инсандары, мөл-түр кашка тунук Араван-сайы, «Дул–Дул-Ат», «Чил-Устун» (Кырк ус-тун) тоолору, «Чарбак» сыяктуу ыйык жерлери менен айырмаланып турат. «Араван» деп аталуу тарыхы жөнүндө баяндасак, бул жөнүндө түрдүү миф жана уламыштар бар. Алардын бириндеги айтылышына караганда,«Араван» сөзү фарс тилиндеги «Об-равон» (Суусу тунук, тегиз) деген сөздөн келип чыккан. Дагы бир уламышта Араван бизге чейинки I-IV кылымдарда гүлдөп өнүккөн Дабан мамлекетинин карамагында болгон. Бул мамлекет өзүнүн учкул аттары менен даңктанып келген. Азыркы Аравандын аймагында ошол мезгилде туркий жерлик «Аргу» уруусу жашаган. Кытайлар алардын «Аргума» аттарын сатып алышкандыгынан кийинчерээк бул сөз Араван болуп айтылып калса керек дешет. Араван районунун өнүгүп-өсүшүнө өз учурунда районго башчылык кылган Айтматов Төрөкул 1931-1933-жылдары партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары, Б.Ибрагимов, Я.М. Ахунов, А.Исмаилов, М.Махамадов, Э.Жусуев, А.Бостонов, С.А.Тургунов, Ш.Ж.Артыков, К.Т.Шайназаров, П.К.Мурзабарамов, К.Г. Айтибаев иштешип райондук экономиканын жогорулашына өздөрүнүн олуттуу салымдарын кошууга жетишишти. Учурда Араван райондук мамлекеттика администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев эмгектенүүдө.
Scroll to Top